Биз менен байланышыңыз

Курултай өтүп жатканда залдан кыйкырык чыкты

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 1119 | 0

Бишкекте өтүп жаткан курултайда парламенттин мурунку төрагасы Медеткан Шеримкулов сөз сүйлөөгө чыкканда залда отургандардын бири ызы-чуу чыгарды.

Ал “эй кыргыз элим, кечирип койгула, мен айтып коеюн деген сөзүм бар”… деп кыйкырды. Ага жанындагылары «жаагыңды бас» деп кыйкырып калышты. Ал учурда курултайдын алып баруучусу кыйкырып жаткан катышуучуну эшикке алып чыгып таза абадан дем алдырууга чакырды.

Курултайга катышып жаткан кабарчыбыз залда отуруп кыйкырган адам аймактан келгендерден экенин айтты.

Медеткан Шеримкулов курултайда мындай нерселердин болуп турганы мыйзам ченемдүү нерсе экенин айтып сөзүн улантты.

Кошумчалай кетсек, иш-чарага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да келген.

Copyright © 2017 Maral FM