Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаевге укуктук баа берүү үчүн комиссия түзүү сунушталды

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 679 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бийликти узурпациялаганы үчүн саясий жана укуктук баа берилиши керек. Мындай оюн Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев элдик курултайда билдирди. Анда эл арасында Атамбаев бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бергендиги айтылып келе жатканын, бирок андагы көмүскө максат ачыкка чыканын белгиледи.

-Президент Сооронбай Жээнбеков массалык маалымат каражатына берген маегинде “Мени үчүнчү кишилер аркылуу жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин ишимди башкарып тургусу келгени, адам катары да, экс-президент катары да ага абийир алып келбейт,”-деди. Ошентип Атамбаев түзгөн бийликтин түпкү максаттары айдан ачык көрүнүп калды,-деди Каптагаев.

Ушул негиздерге таянып, «экс-президент бийлигин тынчтык жолу менен өткөрүп берген» деп мактоо негизсиз экенин кошумчалады.

Баш мыйзамдын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш экенин да эске салды. Бул мыйзам таянуу менен Алмазбек Атамбаевдин аракеттерине укуктук баа берүү үчүн парламенттик комиссия түзүүнү сунуш кылды.

Айта кетсек, иш-чарага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да келген.

Copyright © 2017 Maral FM