Биз менен байланышыңыз

Ислам Акматов : «Периштемди издөөдөмүн…»

«Желе шоу» программабыздын бул жолку коногу убагында «периштем» аттуу ыры менен хит болгон Ислам Акматов болду. Ал азыркы учурда үйлөнүүгө убактысы келгенин айтып, периштесин издеп жатканын баса белгиледи.

«Мен дагы балалуу болуп, үй салып үй-булө куруп бактылуу болгум келет. Негизи адам баласы байлыкты мүлктү кыялданабыз. Ал эми байлык келип кетчү нерсе, ошондуктан биздин кыялдана турчу нерсе бул бир гана чын ден-соолук экен. Мен дагы убагында ден-соолугума көңүл бурбай ооруп эми гана айыгып келатам. Эң башкы байлык бул биздин ден-соолугубуз жана үй-бүлөбүз. Мен дагы буюрса азыркы убакта өзүмдүн сүйгөн болочок жарымды издөөдөмүн, эгер табылса дароо үйлөнүүгө даярмын.»-дейт ырчы мырза.

Copyright © 2017 Maral FM