Биз менен байланышыңыз

Аз кандуулук жаш балдар менен кош бойлууларда жогору

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 953 | 0

Кыргызстанда 5 жашка чейинки жаш балдардын 42,6%ында, ал эми кош бойлуулардын 39%ында аз кандуулуктун деңгээли жогору. Бул тууралуу Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу концепциясында айтылат.

Концепцияны Бириккен улуттар уюму, ЮНИСЕФ уюму жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдары биргеликте иштеп чыгышкан. Анда өспүрүмдөрдүн, айрыкча кыздардын тамактануусунун бузулушуна көп маани берилбей келет деп белгиленет.

Мындан тышкары наристе төрөлгөндөн соң 6 айга чейин эне сүтү менен тамактандыруу керек. Толук кандуу жана жетишерлик тамактанбагандыктан 30,6 пайыз аялдар, 7 пайыздан ашык жаш балдар ашыкча салмак алышкан деп айтылат.

Белгилей кетсек, курамында кант, туз, май көп болгон тамактарга суроо-талап артып, жеткиликтүү боло баштаганы байкалган.

Copyright © 2017 Maral FM