Биз менен байланышыңыз

«Той ырчыларга, сахна саясатчыларга…»

Коом , Талаш талкуу | 26 Ноя 2018 | 1791 | 0

Коомчулукта ырчылар көбүрөөк тойлор үчүн ыр жазып калганы, негизи сахнага ылайыктуу ыр жазышы керектиги айтыплып келет. Мындан улам “Марал” радиосунун “Талаш талкуу” программасында «Ырчынын орду тойдобу же сахнадабы?» деген суроонун алкагында угармандардын пикирин угуп көрдүк.  Берүүнү Мирлан Самыйкожо алып барды.

Бизге байланышкан айрым угармандардын оюн сиздер менен бөлүштүк.

Угарман:

— Менин оюмча ырчы тойдо эмес сахнада ырдашы керек. Ошондо сахнанын орду жогору болот. Азыр ырчыларды көпчүлүк учурда тойлордон көрүп калдык. Талант той үчүн эмес, сахна үчүн колдонулушу зарыл.

Марс:

— Той ээлери ырчыларды көндүрүп алган. Жакшылыктарына белгилүү ырчыларды чакырып, жарнама кылып жатышат. Той ээсинин кадыр-баркы келген ырчыларга жараша көтөрүлүүдө. Бир чети ырчылар айла жоктун айынан тойлордо ырдап жатышат. Эгер чакырылган жерге келбей койсо, боюн көтөргөн болуп көрүнүп калат. Буга кошумча ырчылар тойго акча табуу үчүн барышат.

Гүлбарчын:

— Ырчыларды тойго алып баруу үчүн той ээси көп каражат төйлөйт. Ошондуктан ырчылар сахнаны эмес, тойду тандап жатат. Карапайым эл жакындарына уят болбоо максатында кымбат болсо да чакырат. Азыр ырчы тойго барса, анын бедели көтөрүлөт. Ал эми сахнага чыгышса, мурдагы эле ырын аткарышат. Болгону башка көйнөк кийип алышат. Тойго барбаган ырчы концерт бере албайт. Себеби аны эч ким тааныбайт. Тойго барган ырчы өзүн жарнамалайт десек болот.

Руслан:

— Ырчылардын орду сахнада болушу керек. Бала кезде концертке барып руханий жактан өнүгүп-өсүп, ырахат алчубуз. Жаш ырчылар кыргыздын эски чыгармаларын өзгөртүп, тойлордо ырдап жүрүшөт. Бул туура эмес. Муну менен ырлардын сапаты да, деңгээли да төмөндөйт. Азыркы жаш ырчылар концерт берсе барбайм. Анткени аларды тойдон эле көрүп алам. Бир күндө 3 тойго барсаң, сенин артыңан эле барып бир ырын 3 тойканада дагы кайталап аткарган ырчылар бар. Мен ырчыларды сахнадан көргүм келет.

Болот:

— Өкмөт ырчыларга маяна бербесе, алар тойго барат да. Акча тапкан жеринде иштей беришсин. Ырчысы жок тойлор көрксүз болуп калат. Тойдо аткарылган ырлардын баркы кетпейт. Бирок ырчыларды чакыруу кымбат.

Нургул:

— Илгери атка минип алып журттан-журтка көчүп, боз үй тигип ырдашкан. Элдин көңүлүн ачып, чыгармаларын бекер эле аткарып беришкен. Ырчылар тойго ырдай берсин. Бирок абдан кымбатка келишет. Мен да баламды үйлөнтөйүн деп турам. Карапайым эл бир күндө 1000 сом таба албайт. Мен ар дайым концертке барам. Баары жакшы эле ырдап жатат.

Ынак:

— Ырчылар каалаган жеринде ырдайт. Анын аброюн сахна же той эмес, чыгармалары көтөрөт. Эски ырларды жаңылап чыгаргандарга каршымын.

Алмаз:

— Ырчылар сахнада гана ырдашы керек. Алардын акчасы аз дегенге кошулбайм. 3-4 миң долларга клип тартып жатышат.

 Кеңеш:

— Ырчылар сахнада да, тойдо да ырдашы керек. Азыр концерт бергенден коркушат, себеби чыгымдарды актабай калды.

Whatsapp:

-Азыркы ырчылар көп. Бирок соодагер сыяктуу ар кайсы тойлордо сагалап ырдап, өздөрү ыр чыгарып коюшкансып, мурдагы белгилүү акын, композиторлорубуздун чыгармаларын ар кандай аткарып беришет. 500-1000$ чейин баалап ырдашкандары жакпайт.

-Ырчылардын орду сахнада. Эмне үчүн Түгөлбай Казаков тойдо ырдабайт? Себеби ал өзүнүн ордун билет. Ушу тойдогу ырчы менен сүрөтчүлөр тажатты.

-Ырчылардын орду сахнада, дагы тойдо дагы. Тойго барып чыгарма аткаруу илгертен бери болуп келген. Жаман иш кылышпаса болду да. Той эмес шайлоого деле барып жатышпайбы!

— Мен Екатеринбургдан жазып жатам. Менин оюмча, ырчы негизи сахнада болуш керек. Бирок заманга ылайык тойлордо да ырдап жүрүшөт. Мейли, ырдай беришсин, себеби алыскы айылдарга гастролдоп барышпайт. Элет эли ырчыларды тойдо көрүп, угушат.

КР эл артисти, белгилүү композитор Түгөлбай Казаков:

— Ырчынын орду сахнада болушу керек. Ал той берген кишинин көзүн карабай, өзүн камсыздашы зарыл. Бирок азыр ырчылар айла жоктун айынан тойго барат. Той ырчыларга, сахна саясатчыларга деген принцип менен жашап жатабыз.

Copyright © 2017 Maral FM