Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айдарбеков Европа парламентинде сүйлөдү

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 1022 | 0

Бүгүн, 22-ноябрда Брюссель шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин депутаттарынын алдында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анда Кыргызстандын Европа биримдиги менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи. Европа биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк, кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүү процессине өзгөчө көңүл бурулду.

Европа Парламентинин депутаттары Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан демократиялык реформаларга колдоо көрсөтүүгө, парламенттер аралык кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM