Connect with us

Тбилиси соту Саакашвилинин жазасын өзгөрткөн жок

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 853 | 0

Тбилисинин аппеляциялык соту Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилиге шаардык соттун сыртынан алты жылдык эркинен ажыратуу өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Прокурор Арчил Ткешелашвилинин айтымында, Саакашвили 2005-жылы экс-депутат Валерий Гелашвилиге кол көтөрүп, иши сотко өткөн болчу. Анын айтымында, прокуратура Саакашвилинин жазасын оорлоштуруу тууралуу арыз жазып, бирок аны аппеляциялык сот канааттандырган жок.

Тактап айтсак, Грузиянын Башкы прокуратурасы Саакашвилиге бир нече кошумча айып таккан. Анда мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгына пайдалануу, «Грузиянын Бириккен банкынын» кызматкери Гиргвлианинин өмүрүнө кол салуу беренелери боюнча күнөөлөр бар.

Кошумчаласак, мурунку президент Михаил Саакашвили учурда Франциядан башпаанек алып, ошол жакта жашап жатат. Ал учурунда Украинанын жана Грузиянын жарандыгынан чыгарылган. 28-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу негизги талапкер, Саакашвилинин тарапташы Вашадзени колдоп жатат. Шайлоонун экинчи туру 28-ноябрда өтөт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM