Биз менен байланышыңыз

Эми Орусиянын жарандыгын алуу үчүн өзүнүн жарандыгынан баш тартуу зарыл эмес

Кыска кабар | 1 мая 2020 | 12923 | 1

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Орусиянын жарандыгын алуу үчүн арыздарды кабыл алууга укугу жок. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко 29-апрелдеги түз эфирде болгон маегинде билдирди.

24-апрелде Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин үч айдан кийин күчүнө кире турган «Орусия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизген.

Жаңы жобого ылайык, Орусияда жашаган (жашоого уруксаты бар) жана Орусиянын жарандыгын алуу үчүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграциялык бөлүмдөрүнө арыз тапшыргандар өз өлкөсүнүн компетенттүү органдарына жарандыктан баш тартуу өтүнүчү менен кайрылуу милдетинен бошотулат. Мыйзамга ылайык, Орусиянын жарандыгын алуу үчүн сөзсүз түрдө башка мамлекеттеги жарандыгынан баш тартышы зарыл эмес.

Ошондой эле, СССРдин аймагында төрөлгөндөр жарандык алуу үчүн Орусияда 3 жыл жашашы керек деген пункт алып салынган.

Мындан сырткары, Орусияда 2002-жылдын 1-июлунан кийин билим алган жана кеминде 1 жыл иштеген чет элдиктер үчүн же Орусияда туруктуу жашаган жана Орусиянын жараны менен никеде болгон, ортодо балдары бар болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык берилет.

Эми Орусиянын жарандыгын ата-энеси жана туугандары аркылуу алуу үчүн арыздар Орусиянын аймагында гана берилет. Бишкек жана Оштогу консулдуктар мындай арыздарды кабыл алууга укугу жок.

Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы адамдардын бардыгы Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграциялык бөлүмдөрүнө жарандык алуу үчүн кайрылышы керек.

Кыргызстанда Орусиянын жарандыгын СССРдин жарандыгын алган жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын ала электер, ошондой эле жашы жете элек балдар Орусиянын жарандыгын алган ата-энесинин арызы менен алышы мүмкүн.

1 пикир

1 пикир

  1. Калыева Гулбарчин

    05.05.2020 21:24

    Мен куйоом экообуз Россия гражданыбыз
    Кичуу кызымы кыргызстанда торогом
    Бирок алигиче куболук ала албай журом
    Себеби Россия загсмы жоготуп алгам
    Куболуксуз Россияга ото албайм
    Россияга кетишим керек болчу
    Эми канткенде кызыма куболук ала алам консулдан мага кенешиниздерди берип коюнуздарчы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM