Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду

Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 568 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Үч жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 636 адам кабыл алынат, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Башка бир жарлыкка ылайык, 448 адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM