Биз менен байланышыңыз

КСДПдан дагы кимдер чыгат?

Саясат | 22 Ноя 2018 | 781 | 0

Жакын арада партиянын уставына  өзгөртүүлөр кирип, партиялык билеттер алмаштырылат.

Кыргызстан социал-демократтар партиясы  жакында партиялык билеттерди алмаштырат. Бул тууралуу штабдын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Маралга» билдирди. Эми эски үлгүдөгү билеттер жокко чыгарылып жаңысы берилет. Бул партиянын тазаланып жатканын айгинелейт. Муну менен катар учурда партиянын уставына дагы өзгөртүүлөр кирет. «Ошондуктан партиядан байланышты үзүп койгон депутаттар ойлонушу керек.

Партиянын айланасында болуп жаткан акыркы көрүнүштөр партиянын тазаланып жатканынан кабар берет. Жакында партиялык билеттердин эски үлгүсүн жаңы үлгүсүнө алмаштыруу башталат. Бул иштер бир нече айдын ичинде бүтүшү керек. Ошол мөөнөттүн ичинде катардагы партиялаштар өзү үчүн чечим кабыл алышы керек. Андан ары КСДПнын катарында калабы же жокпу… Өзүнүн позициясын, партия менен байланышын жоготуп койгон депутаттар дагы тактап алышат. Ушул тапта Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги астында атайын жумушчу топтор партиянын жаңы стратегиясын жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча документтерин даярдап жатышат.

Кыргызстанда абройлуу саналган партиянын айланасындагы тазалануунун төркүнү башкада экенин КСДП партиясынын төрага орун басары депутат Ирина Карамушкина айтып жатат. Учурда  Жогорку Кеңеште отурган айрым КСДПчылардын партияга карата тоготпогон мамиле башталды. Мындан улам экс-президент Алмазбек Атамбаев менен иштөөнү каалабаган парламенттеги фракция мүчөлөрүн партиядан чыгууну сунуш кылууда.

КСДП партиясынын айрым мүчөлөрү, ошол эле Жогорку Кеңеште отурган депутаттар тартиянын чогулуштарына катышпай калышты. Кеңештин чечимдери менен макул болбогон жана партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаевге баш ийбеген көрүнүштөр көбөйүп жатат. Алардын мындай мамилеси түшүнүксүз. Түшүндүрүп дагы беришкен жок. Бирок кандай гана партия болбосун өзүнүн ички тартиби болушу керек да. Ал үчүн биздин партиянын өзүнүн атайын уставы бар. Анда ошол эле фракциянын иштөө тартиби дагы каралган болчу. Бирок эмнегедир сакталбай жатат. 

КСДПдан чыгуу ниети болушу мүмкүн деген депутаттардан жооп алууга мүмкүн болгон жок. Көпчүлүгү ар кандай шылтоо менен бул маселе боюнча пикир айтуудан карманышты.

Эксперттер мындай көрүнүштү позициялардын алмашып баратканын айгинелейт деп жатышат.  Ушундан улам, партиянын 2,8 уставынын негизинде эмес, партиялык билеттерди жаңылоо менен КСДП чыгаруу максаты турат дешет. Ошондой эле, партиянын кызыкчылыгы жалпы элдикинен жогору коюлганы жаңылыштык экенин, юрист Канатбек Азиз белгилейт.

Партиянын курамынан чыкса эле ошол партияга баш ийишиң керек деген туура эмес. Бул жерде Атамбаевдин аракети жакшы эмес. Партиянын кызыкчылыгын гана көрсөтөсүңөр деген менен Жээнбеков дагы же элдин кызыкчылыгын же партиянын кызыкчылыгын аткарасың деген жагдайга алып барды. Ошондой эле депутаттарды дагы ушундай акыбалга алып барды. А бирок уставды сөзсүз сыйлаш керек деген нерсе жок. Кайсы гана париянын уставын караба «Кимди төрага кылып дайындайбыз?» жана «Ал эмне кылат ?» деген гана сөз бар. А бирок аны сыйлаш керек деген эч жерде жок.

Ошондой эле кезде Жогорку Кеңеште партиянын атынан келген депутаттар дагы партиянын талабын аткарышы керек деген талап жок. Демек шайланып келген эл өкүлү ошол чакырылыш ишин токтоткончо эл өкүлү боюнча калат.

Бирок азыркы учурда партиянын ичиндеги тазалануу анын башка мүчөлөрү эмес, төрагадан башталуусу өтө зарыл болуп турат. Партияны күчтөө иши ошондо гана башталаарын Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева айтты.

КСДП сөзсүз тазаланууга барышы керек. Эгер партия тазаланууга барбаса, кийинки шайлоодо эл колдобойт. Атамбаев өз доорун сүрүп бүттү. Премьер-министр болду, өлкөнү башкарды эми партияны башка колго өткөрүп бериши керек. Партия өз нугу менен кетиши керек. Жаштар келиши керек. Жаңы лидер башкарууга тийиш. Атамбаев болсо, аксакал ирээтинде өз кеңештерин айтып отурса жылыш болмок.

Эскерте кетсек, ушул күздө эле партия КСДПга ишенимдүү деген эки депутатты тизмесинен чыгарган. Алардын бири Кожобек Рыспаев болсо, экинчиси фракция лидери Иса Өмүркулов. Эми алдыда дагы кайсы саясатчылар партиядан чыгарын убакытка ташлайлы.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM