Биз менен байланышыңыз

Масадыков: Сырткы саясаттагы деңгээл келишимдер, гранттар менен бааланат

Пикирлер | 21 Ноя 2018 | 545 | 0

Кыргыз-казак элинин мамилеси жакшы болгону менен башчыларынын алакасы салкындай түшкөн болчу. Аны президент Сооронбай Жээнбеков калыбына келтирди. Бирок анын натыйжасы болушу керек. Чоңдордун кол алышканы жыйынтык эмес. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчынын бир өлкөгө барып келүүсүн натыйжа катары көрүүгө болбойт. Сырткы саясаттын деңгээли мамлекеттер арасындагы келишимдердин, инвестициянын, гранттардын көлөмү менен аныкталат.

Масадыков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин дагы саясаты өзгөрүп, өлкөнүн Кыргызстан менен болгон мамилеси жакшы нукка түшкөнүн белгиледи.

«Мамиленин деңгээли кандай болду? Алар кайсы маселелерди чечүүгө даяр? Казакстан, Өзбекстан жана Орусия лидерлери өз алдынча жолугушту. Алар Кыргызстандын президенти кайсы саясат менен кетип бара жатканын түшүнө элекпидеген суроолор жаралат. Эл иштетип жаткан бизнесин сатып кетип жатат. Анткени эртеңки күнгө ишеним жок», — дейт Масадыков.

Copyright © 2017 Maral FM