Биз менен байланышыңыз

“Ата Мекен” партиясынын саясий кеңеши Жээнбековго кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 811 | 0

“Ата Мекен” партиясынын саясий кеңеши президент Сооронбай Жээнбековго жана Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү коюлду.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, бардык материалдар орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен түзүлгөн, ал эми жактоочунун далилдерине маани берилген эмес. Эми Маевский кармлагандан кийин Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кароо зарылдыгы айтылды.

Эске салсак, “Ата Мекен” фракциясы бүгүн, 21-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүштү.

Copyright © 2017 Maral FM