Биз менен байланышыңыз

АКШ Сауд Аравиясы менен мамилесин сактап калат

Дүйнө | 21 Ноя 2018 | 631 | 0

Эл аралык коомчулуктун журналист Жамал Хашокжинин өлүмүнө Сауд бийлигин күнөөлөп жатканына карабай, Вашингтон Саудия менен мамилесин сактап калат. Бул тууралуу Американын президенти Дональд Трамп билдирди. Анын айтымында, падышалык өлкө АКШга эң көп акча берген кардары.

«Кандай болгон күндө да биздин чечимибиз — Сауд Аравиясы менен мамилени сактап калуу. Ал биздин стратегиялык маанилүү өнөктөшүбүз»,-деп билдирди Трамп.

Эске сала кетсек, Жакынкы Чыгышка таанымал журналист, америкалык The Washington Post гезитинин кабарчысы Жамал Хашокжи 2-октябрда Стамбулдагы Сауд элчилигинде киши колдуу болгон. Кылмышка бардык тараптар Сауд падышасынын уулу, мураскер ханзаада Мухаммед бин Салманды айыпташкан. Бул тууралуу ханзаада өзү эч нерсе айткан жок. Бирок кезинде падышалык сарайдын кызматкери болуп, көп сырларын билген журналисттин ханзаада өлкөнүн тышкы иштерине кедергисин тийгизип жатканын, өзгөчө Америка менен болгон мамилеге көлөкө түшүрүп жатканын байма-бай жазып келгени анын өлүмүнө себепкерди табууга жол көрсөттү.

Сауд Аравиясы Америкадан согуштук курал-жарак сатып алган эң чоң кардары болуп, бир жылдык келишими эле 50 миллиард доллардан ашат.

Copyright © 2017 Maral FM