Биз менен байланышыңыз

Мексикалыктар мигранттарга каршы нааразылык митингине чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 769 | 0

Борбордук Америкадан чыккан миндеген мигранттардын көчү Мексика-Америка чек арасына жетип келишти. Алар азыркы күндө Мексиканын эң четиндеги Тихуана шаарында Вашингтондун жообун күтүп, баш калкалоодо.

Ал арада Тихуананын жашоочулары мигранттарга каршы митингге чыгышты. Алар мигранттардын шаардан чыгып кетүүлөрүн талап кылышууда. «Булар курал-жарактуу адамдар. Баскынчылар! Өлкөбүздөн чыгып кеткиле! Биздин турмуш-тиричилигибиз чек арадан ары-бери өтүү менен уланат. Эгер чек ара жабылса силер күнөөлүү болосуңар!»,-деген жергиликтүүлөр өлкө бийлигин чара көрүүгө чакырууда. Болбосо чек арадагы мафиялар ишти көзөмөлгө аларын эскертишти. «Ким кылса кылсын, бирок эртерээк маселе чечилсин»,-дешет тихуаналыктар.

Тихуананын мэри Жуан Мануэл Гастелум келип жаткан мигранттардын саны жакында 10 миңге жетерин билдирип, аларды тамак-аш, жатак менен камсыздай албасын, көзөмөл иши да кыйынга тураарын айтты.

Чынында шаар жетекчилиги буга чейин келген мигранттарды кароону эптей албай, борбордон жардам сураган. Бул АКШ президенти Дональд Трамтын бир твитине дагы тема болду. Ал Твиттердеги баракчасынан: «Тихуананын мэри мигранттарды көзөмөлдөй албасын айтууда. Америка да дал ошондой абалда. Көчмөндөрдү бага албайбыз. Учурда мигранттар Мексикада ар кандай тартипсиздик жана кылмышка себеп болушууда. Үйүңөргө кайткыла!»,-деп жазды.

Эске салсак, Түштүк жана Борбордук Америкадагы Гватемала, Гондурас жана Сальвадор мамлекеттеринен чыккан мигранттардын тобу эки айдан кийин чек арага жетип келишти. Алар өз өлкөлөрүндө жумушсуздук, ачкачылыктан качып, Америкага жумуш издеп баратканын айтып, артка кайтуу ниетинин жоктугун билдирүүдө. Америка бийлиги болсо аларды мыйзамдуу жол менен өлкөгө кирүүлөрүн талап кылып, чек арадан киргизбей кармап турат.

 

Copyright © 2017 Maral FM