Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: ЖЭБдеги модернизация Бишкекти сактап калды

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 819 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкек жылуулук электр борборундагы жагдай тууралуу айтты. Анда ал окуя болгон учурда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков болуп турганын баса белгиледи. Жылуулук борборго кеткен каражатка токтолуп, кошуна өлкөлөрдүн мисалында анын арзан баада курулганын айтып өттү. Бул кырсыктын айынан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков камалганын, бийликтин максаты ушул болгонун айтты.

-Эгерде Бишкек жылуулук борбору модернизациядан өтпөсө, борбордо апаат болмок. Жолдор, суу түтүктөрү, бардык жерлер тоңмок. Ошол себептүү реконструкция иши Бишкекти сактап калды,-дейт Атамбаев.

Эске салсак, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого Кытайдан 386 млн доллар насыя алынган. Аны сарптоодо коррупциялык иштер болгон деген негизде бир топ мурунку жетекчилер камалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM