Биз менен байланышыңыз

Келерки жылы пенсияны үйдө олтуруп көзөмөлдөөгө болот

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 645 | 0

Кыргызстанда 2019-жылы пенсионерлер үчүн электрондук жеке кабинет иштей баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, электрондук жеке кабинетти иштеп чыгууга 10 млн 400 миң сом керектелет. Мында ар бир пенсия алуучуга электрондук жеке кабинет түзүлөт.

“Анын жардамы менен Социалдык фонддун мекемесине барбастан, үйдө отуруп гана интернеттен канча пенсия чыкканын көрө алышат. Бул система 2019-жылдын июль айынан иштей баштайт”, — деди Ирсалиев.

Copyright © 2017 Maral FM