Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу»: Бишкек-Москва каттамы 55% арзандады

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 849 | 0

Бишкек-Москва поездине билеттин баасы 55 пайызга арзандады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Эгерде купе вагонуна билетти 41-45 күн мурда сатып алчу болсо, анын баасы 55%га арзан болот. Ал эми плацкарт вагонуна билетти 9-41 күн мурда алса, наркы 45%га төмөн болот.

Натыйжада купе вагонуна болгон билеттин баасы 12 миң 834 сом, ал эми плацкарт вагонуна билет 9 миң 767 сомду түзөт.

Ошондой эле Казань жана Новокузнецк шаарларына болгон каттамдарга да жеңилдиктер каралган. Жеңилдиктин шарттары мындан айырмаланат.

Copyright © 2017 Maral FM