Биз менен байланышыңыз

Японияда Чыңгыз Айтматов эскерилди

Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 624 | 0

16-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата Токио шаарынын Акасака концерт залында улуу жазуучуга арналган концерт өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, иш-чара Япониядагы элчиликтин демилгеси менен ТҮРКСОЙ тарабынан өткөрүлдү. Ага Кыргызстандан президенттик аппараттын жетекчисинин кеңешчиси Султан Раев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Касеинов жана бир катар өлкөлөрдүн Япониядагы элчилери катышты.

Раев концерттин башында сөз сүйлөп, Айтматовл өзүнүн жеке рухий галактикасын түзө алган, анын негизги өзөгү – улуу максат болгон — инсандын өз алдынчалыгын, оригиналдуулугун «универсалдаштыруудан» коргоп калуу аракети болгонун эске салды.

Программага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Башкортостан, Тыва, Хакас, Гагаузия жана Саха (Якутия) музыкалдык жана элдик бий чыгармалары кирген.

Иш-чаранын алкагында Айматовдун сүрөт чыгармалары көрсөтүлдү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM