Биз менен байланышыңыз

Анкара ача турган мектептер Нидерланды парламентин тынчсыздандырууда

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 740 | 0

Нидерландынын Социалдык иштер министри Вутер Холмес түрк өкмөтү ача турган мектептер тууралуу партаментте маалымат берди. Анын билдиришинче, аталган мектептер апта аягында голландиялык түрк балдарга түрк тили, тарых жана дин сабактарын окутат. Жумасына беш саат сабак берчү мектептер Анкара тараптан каржыланып, Голландия өкмөтү эч кандай текшерүү иштерин жүргүзбөйт.

Башкаруучу партия дагы, оппозициялык партиялар дагы мындай текшерүүгө алынбаган чет өлкөлүк мектепке каршылыгын билдирип, ачпоону же ача турган болсо дагы катуу көзөмөлгө алууну талап кылышууда. Алардын айтымында, түрк бийлиги мунун менен Европадагы түрктөрдү өз көзөмөлүнө алууну пландоодо жана өз саясатын Европада ээн-эркин жүргүзүүнү көздөөдө.

«Анадолу апта аягы мектептери» фонду ушундай эле билим берүүчү мекемелерин Европанын башка мамлекеттерине да ачууну ниеттенип жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM