Биз менен байланышыңыз

CNNдин журналисти сотто Трампты жеңип алды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 875 | 0

CNNдин башкы кабарчысы Жим Акоста сотто президент Дональд Трампты жеңип алды. Федералдык судья Тимоти Келли Американын Ак үйүн аталган журналистке аккредациясын кайтарып берүүгө милдеттендирди.

«Биз соттун жыйынтыгына абдан ыраазыбыз. Бул журналистика үчүн маанилүү күн. Колдоо көрсөткөн бардык тараптарга, кесиптештериме ыраазычылык билдирем. Эми ишке кайталы»,-деп билдирди Жим Акоста.

Ак үйдөн болсо соттун чечимин сыйларын жана талаптарын аткарып, журналисттин президенттик пресс жыйындарга катышуу укугун кайтарып берерин билдиришти. Ошондой эле пресс конференциядагы айрым жүрүм-турум эрежелерине тактоолорду киргизүүнү пландашканын айтышты.

Эске сала кетсек, 6-ноябрдагы АКШда өткөн парламенттик ара шайлоонун артынан журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөн президент Дональд Трамп мигранттар жана Орусия маселеси боюнча суроо берген CNNдин кабарчысы Жим Акоста менен кайым айтыша кеткен. Натыйжада, президенттик аппарат конференцияда эрежеге сыйбаган жүрүм-туруму үчүн деген жүйө менен журналисттин Ак уйгө кирүү аккредациясынан ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM