Биз менен байланышыңыз

Тверь соту Маевскийди камакка алды

Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 557 | 0

Москванын Тверь соту Мамлекеттик Думанын мурунку депутаты, ишкер Леонид Маевскийди камакка алды. Бул тууралуу “Интерфакс” басылмасы жазып чыкты.

Ага ылайык, Маевский “Бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты жарыялабоо үчүн жабырлануучу тараптан 37,5 миллион доллар талап кылган” деп айыпталууда. Ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги да маалыматта айтылган.

14-ноябрь күнү ага кылмыш иши козголуп, кийинки күнү аны колго түшүрүп, айыбын угузган. Учурда убактылуу кармоочу жайда камакта отурат.

Эскерте кетсек, Маевский Кыргызстанда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин соттук ишине катышкандыгы менен белгилүү. Анда орусиялык ишкер 2010-жылы Мегаком ишканасын сатып алуу  үчүн Текебаевге 1 млн АКШ долларын бергенин айтып, арыз менен кайрылган. Бул даттануу Текебаевге айып тагууга негиз болгон. Жыйынтыгында, Өмүрбек Текебаев менен мурунку Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекетке чегерилген.

Copyright © 2017 Maral FM