Биз менен байланышыңыз

Германия Украинанын “Миротворец” сайтын жабуусун талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 771 | 0

Германиянын Тышкы иштер министрлиги экс-канцлер Герхард Шредердин украиналык “Миротворец” сайтынын маалымат базасына кирип калганын айыптады.

Биз мурда эле Украина боюнча позициябызды ачык-айкын билдиргенбиз. Бул чагымчыл сайттын токтоосуз жабылуусун талап кылганыбызга карабай, ишке ашпай келет. Эми муну биз кылабыз!”,-деп билдирди Германиянын ТИМи.

Украинанын “душмандарын” аныктап, жарыялоочу борбордун «Миротворец»сайты Шредерди өткөн жума “Украинанын эгемендигине шек келтирүү” жүйөсү менен сайтка киргизген. Буга Герхард Шредер өткөн аптада: “Крымды эртеби-кечпи Орусияныкы деп кабыл алууга мажбурбуз. Ансыз деле ал 1954-жылга чейин Орусияга таандык болчу. Хрущев Украинага белек кылып жиберген. Ал коммунизм бузулбай-бөлүнбөй узакка жашайт деп ойлосо керек”,-деген пикири себеп болгон.

2016-жылы аталган сайт бир катар орусиялык жана чет элдик журналисттердин ысымдарын, байланыш даректерин жарыялап, аталган журналисттердин кээ бирөөнө ачык коркутуулар болгон.

Сайттын жетекчилигинин мындай кадамдарын ОБСЕнин ЖМКнын эркиндиги боюнча мурдагы өкүлү Дунья Миятович жана Орусиянын ТИМнин расмий өкүлу Мария Захарова да айыптап чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM