Биз менен байланышыңыз

Дыйкан: Өкмөт арзан техникаларды таап берүүгө кызыктар эмес

Экономика | 14 Ноя 2018 | 872 | 0

«АгроТехЭкспо» агро-өнөржай техникаларынын көргөзмөсү быйыл дагы дыйкандарга эшигин ачты. 14-ноябрда эски аянтка дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 30 ашык шаймандар көргөзмөгө чыкты.

Быйыл  борбордук аянтта алтынчы ирээт заманбап айыл чарба техникалары көргөзмөгө коюлду. Алардын катарында трактор, КАМАЗ, экскаватор жана комбайндар бар. Көпчүлүгүн буга чейин келип эле жүргөн Орусия жана Беларусь өлкөсүнүн техникалары түздү.

Шаймандарды арзан баада берүү үчүн өкмөт бюджеттен бөлгөн каражаттын суммасын көбөйтүп жатканын Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты. Буга кошумча лизингдин пайыздары төмөндөгөнүн  ал дыйкандарга кабарлады.

Айыл чарба техникаларын лизингге берүүнү өнүктүрүү үчүн 800 млн сомдон ашык акча «Айыл банкка» которулду. Бул сумма лизинг фондуна түзүүгө жумшалат. Быйыл өкмөт тараптан 102,5 млн сом дыйкандарга оруп жыйноочу кымбат техникаларды, кубаттуу тракторлорду лизингге берүү үчүн бөлүнүп берилди. Дыйкандарыбыз үстүбүздөгү жылы 3 млрд 182 млн сомго 2546 даана техника алышты.

Азыркы тапта айыл чарба техникаларын дыйкандар сом менен 6-11 пайызга чейин 7 жылга алышса болот. Ал эми комбайнды 6 пайыз менен 10 жылда төлөп бүтө алышат.

Бирок дыйкандар дагы деле техникаларды алуу кымбатка туруп жатканын айтууда. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда уяң жүндүү ак кой баккан Карыбек Мусаевдин тапкан кирешеси техника алууга жетпейт. Ошондуктан жакындарынан карызга чогулткан акчасына айыл чарба шайманын алганы турат.

Бул жерде биз алалы деген техниканын баары эле турат. Азыр трактор алууга чамабыз жетпейт. Бирок чөп байлоочу техниканы сатып алабыз. Баасы өтө эле кымбат болуп жатат. Алгачкы төлөм 10 пайыз деп жатышат. Буга чейин 30% болчу. Ошондуктан 7 жылдык мөөнөткө алалы деп турабыз.

Өкмөт жылдан-жылга лизингдин пайыздары төмөндөп жатканы менен анын татаалдыгы пайыздардан мурун күрөөдө экенин Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Эсенгул Исаков белгилейт. Себеби айтылган 6 же 10 пайыз менен техникадан башка күрөө болгондо гана берилет. Мындан улам өкмөт айткан жеңилдиктер дыйкандарга толук жетпейт.

Азыр кандай гана техниканы лизингге алба, баарынын алгачкы төлөмү жана күрөөсү бар. Алгачкы төлөм 10-30 пайызга чейин. Бирок көп учурда өкмөт 10 пайызды гана айтып, 30 пайыз тууралуу кеп козгобойт. Эгер техниканы алган жаран анын 30 пайызын банкка берсе, ал автоматтык түрдө алган техникасынан башка күрөө койбойт. А эгерде 10 пайыз гана төгүп калса, күрөө сүзсүз талап кылышат. Ошондуктан дыйкандардын көпчүлүгү ушундан кыйналышат дагы техниканы ала алышпайт.

Экинчи жактан Орусия менен Беларустун тракторлорунан башка өлкөнүн техникаларын алууга мүмкүн эмес. Себеби банктар баасы арзан бирок сапаты жагынан жогору башка өлкөлөрдүн техникасына насыя бербейт. Бул жагынан дыйкандарга тандоо жоктугун дыйкан Манас Саматов айтууда. Натыйжада? Кыргызстандын машина-трактордук паркы жаңыланбай келатканын «Маралга» айтып берди.

Өлкөнүн машина-трактордук паркын жаңылоо жолдору такыр башка. Азыркы өкмөтпү же буга чейинкисиби… Алардын айыл чарба техникаларына болгон мамилеси өзгөргөн жок. Заманбап делип жарманкеге чыгып жаткан техникалар жаңы эмес. Баягы эле Беларусь менен Орусияныкы болуп жатат. Булар заман талабына жооп бербейт. Бирок башка алдыңкы техниканы сатып алайын десе, дыйкандарга жол берилбейт. Болбосо дүйнөдө айыл чарба машиналарынын түрү абдан көп. Мындан улам айрым ишкерлер «Айыл банкты» аралаштырбай, башка өлкөлөрдөн баасы төмөн жана сапаттуу техникаларды алып келип жатышат.  

Анткени интернеттин жардамы астында дүйнөдөгү мыкты техникалар тууралуу ар бир экинчи дыйкандын маалыматы бар. Колунда каражаты барлары Түркия өңдүү мамлекеттерден чакан жана үнөмдүү келген техникаларды алып келип жатканын эксперттер белгилейт.

 

Copyright © 2017 Maral FM