Биз менен байланышыңыз

Касмамбетова: Быйыл жол кырсыгынан 66 бала каза болгон

Без рубрики , Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 688 | 0

Быйыл өлкөдө 1 миң жол кырсыгына жаш балдар катышкан. Бул тууралуу “Жол коопсуздугу” долбоорунун директору Чынара Касмамбетова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгынан улам 66 жаш бала каза болгон. Ал эми жараат алгандарынын саны 1 миң 307 жаш баланы түзгөн.

Белгилей кетсек, сонку беш жылда балдар кабылган 7 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Анда жалпысынан 582 бала каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM