Биз менен байланышыңыз

Араван: медресе өрт өчүрүүчү жана айдоочулук кесипке үйрөтөт

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 778 | 0

Араван районундагы “Имам аль Бухари” атындагы медресе жаштарды өрт өчүрүүчү жана айдоочулук кесиптерине үйрөтөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Медреседе өрт өчүргүчтөр курсу ачылып, анда Араван райондук өрт өчүрүү кызматынын адистери сабак өтөт. Ошондой эле жол эрежелерин жана унаа айдоону үйрөткөн курс да иш алып барат.

Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Аким ажы Эргешов медреседе булардан башка да кесиптик курстар менен таанышып, тажрыйба алмашуу болгондугун белгиледи. Аны менен катар кыргыз тили жана грамматикасы курсу да болгондугунан таасирленгендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Аким ажы Эргешов Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы 6 диний окуу жайдын мүдүрлөрү менен Ош облусуна иш сапары менен барган.

Copyright © 2017 Maral FM