Биз менен байланышыңыз

Америкадагы өрттөн 31 киши набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 628 | 0

Американын Калифорния штатында чыккан өрттөн каза болгондордун саны 31ге чыкты. Бул тууралуу америкалык басылмалар маалымдашты.

8-ноябрь күнү от алган өрт штаттын тарыхындагы эң ири өрт болуп калды. Эки тараптан курчаган тилсиз жоо 45 миң га аянтты каптап, 6470ге чукул имаратты күлгө айлантты. Арасында Paramount сыяктуу дүйнөгө таанымал кино компаниялардын имараты, Жерард Батлер, Нил Янг сыяктуу атактуу артисттердин үйлөрү да бар.

Азырынча өрт жарым-жартылай өчүрүлгөнү менен кооптуу абал дале сакталууда. Адистердин билдиришинче дагы 57 миңдей имаратты өрт алуу коркунучу бар. Штатка өзгөчө абал киргизилип, дайынсыз жок болуп жаткан эки жүздөн ашуун киши изделүүдө.

Жалпысынан 300 миң киши аймактан, өзгөчө Лос Анжелес шаарынан көчүрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM