Биз менен байланышыңыз

Парижде дүйнө лөктөрү чогулду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 694 | 0

Франциянын борбору Парижде 1-дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 100 жылдыгына арналган ири иш-чара өттү. 9-11-ноябрга белгиленген иш-чарага дүйнөнүн 80ге чукул лидери катышары кабарланган болчу. Президенттер бул иш-чаранын алкагында өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландашкан. Бирок Париж конфликттүү тараптардын жекече жолугушууларына тыюу салды.

Маселен, АКШ президенти Дональд Трамп менен орус лидери Владимир Путиндин толук форматтуу сүйлөшүүлөрү жарыяланганына карабай токтотулду. Мунун себебин француз президенти Эммануэль Макрон жүрүп жаткан иш-чарага көлөкө түшүрүүсү ыктымал экендиги менен түшүндүрдү.

Иш-чарада эки президент эки ооз сөз менен гана токтолушту.

Бирок мааракеге алгачкылардан болуп келген Трамп Парижде Макрон менен жолугушту. Жолугушуудан бир күн мурда Макрондун: «Евробиримдик АКШ, Орусия жана Кытай тараптан келчү кысымдарга каршы кучтүү армияга муктаж»,-деген билдирүүсүнө Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасынан: «Бул Американын дарегине карата орунсуз кемсинтүү деп эсептейм»,-деп жооп берген. Ошентсе да, экөөнүн сүйлөшүүсү учурунда кандайдыр бир талаш-тартыш чыккан жок. Макрон коопсуздук боюнча пикирин кайра кайталап, Трамптын тизесин таптап койду.

Кошумчалай кетсек, 1918-жылдын 11-ноябрында Франциянын түндүгүндөгү Компьень шаарында тынчтык келишимине кол коюлган. Аталган келишим Германия менен Антанта(Орусия императорлугу, Франция республикасы жана Британия империясы) ортосунда жүрүп, 1-дүйнөлүк согушту жыйынтыктаган.

Согушта бир жээкте Германия, Осмон империясы, Болгар хандыгы жана Австро-венгер империясы болсо экинчи жээкте Орус империясы, Франция жана Британ империясы болуп жалпысынан 12 миллионго жакын киши набыт болгон. Согушта дайынсыз жоголгон миңдеген адамдарга арналган эстелик ачылат.

Париждеги иш-чара бүгүн Бишкек убактысы боюнча 14:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM