Биз менен байланышыңыз

Изилдөө: Ири ГЭСтердин пайдасынан зыяны көп

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 1412 | 0

Европа жана Америка сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн бийликтери ири ГЭСтерден баш тартууда. Анткени алар экологияга чоң зыян алып келип, экономикалык жактан да пайдасыз. Мындай маалымат PNAS журналына жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгында айтылды.

Аталган өлкөлөрдө жылына ондогон ири ГЭСтердин ишин токтотуу катталууда. Ошол эле учурда өнүгүп келе жаткан мамлекеттер чоң көлөмдөгү ГЭСтерге артыкчылык берип, курууга аракет жасашууда. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча өндүрүлгөн энергиянын 71 пайызы дал ошол ГЭСтерден алынат.

Европа менен Америкада ГЭС куруу 1960-жылдары эң жогорку деңгээлге чыккан. Бирок учурда АКШда 6 пайыз гана энергия ГЭСтин жардамында өндүрүлөт.

Адистердин айтымында, бул өлкөлөр мурда арзан энергияга кызыгып жатып, экологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү эске алышкан эмес. Бирок XX кылымда курулган ГЭСтер дарыялардын сууларын кургатып, тегеректеги калктуу аймактардан миллиондогон элдин көчүп кетүүсүнө себеп болгон.

Ошондой эле, дамбаларда чогулуп ысыган суулардан атмосферага бөлүнүп чыккан күнөскана газдары климаттык өзгөрүүлөргө алып келип, жоготуулардын ордун толтуруу бир топ чыгымдарга учуратууда.

Кошумчаласак, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө курулуп жаткан ГЭСтердин саны 3700гө чукулдайт. Эң көп ири ГЭСтерди колдонгон өлкө Бразилия болуп саналат. Өлкөнүн энергияга болгон муктаждыгынын дээрлик 70%ы ГЭСтер менен камсыздалат.

Copyright © 2017 Maral FM