Биз менен байланышыңыз

Польша Евробиримдиктен чыгуусу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 741 | 0

Польша Евробиримдиктен күтүүсүздөн чыгып калуусу мүмкүн. Мындай пикирин биримдиктин башчысы, Польшанын мурунку премьер-министри Дональд Туск билдирди.

Польшанын учурдагы башкаруучу “Укук жана адилеттүүлүк” партиясы жүргүзгөн укуктук реформалар өлкөнүн жогорку сотунун судьяларынын үчтө биринин кызматтан кетүүсүнө алып келген. Аталган реформалар Евробиримдиктин нормаларына каршы келип, адам укуктарын жана сот системасын бийликтин кызыкчылыгына карата жөндөөгө жол ачат. Мындай абал Варшава менен биримдик жетекчилиги ортосундагы пикир келишпестиктерге себеп болууда. Ушул жылдын август айында Еврокомиссия бир ай ичинде укуктук мыйзам-ченемдерди өзгөртүү талабын койгонуна карабай Польша бийлиги өз айтканын бербей келет.

Дональд Туск: “Биримдиктин Польшаны кармап калуу каалоосу Англияны каалаганчалык күчтүү эмес. Ошондуктан Полэкзит күтүүсүз ишке ашып кетүүсү толук мүмкүн. Менимче бул абдан олуттуу маселе”,-деп билдирди.

Полшаны биримдик менен ажырым жолго түрткөн дагы бир жагдай иммигранттарга карата катаал саясаты жана аларды кабыл албоо чечими.  Мунун айынан бир жыл мурда Польшаны Евробиримдикте добуш берүү укугунан ажыратуу тууралуу бир катар процедураларды ишке киргизген.

Ошентсе да Польша тарап деле биримдикте калуу ниети кучтүү эмес экенин билдирүүдө. Өлкөдө бул маселеге байланыштуу өткөрүлгөн референдумдар анын бул кадамын тастыктайт.

Кошумчалай кетсек Евробиримдик Европа континентинде жайгашкан 28 өлкөнүн ортосунда түзулгөн саясий-экономикалык уюм. Ал аймактагы интеграцияны бекемдөө максатында 1992-жылы түзулгөн. Учурда Польшадан сырткары Улуу Британиянын биримдиктен чыгуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM