Биз менен байланышыңыз

Британиялык ЖОЖдор популярдуулугун жоготууда

Дүйнө | 6 Ноя 2018 | 591 | 0

Британиялык университеттер өкмөттүн катаал иммиграциялык саясатынын айынан дүйнөдөгү популярдуулугун жоготууда. Мындай маалыматты Би-Би-Си кызматы өлкөнүн Британиядагы чет элдик студенттердин маселеси боюнча парламенттер аралык топтун корутундусуна таянып жарыялады.

Соңку жылдары Британиядагы башкаруучу Консервативдик партия тарабынан жүргүзүлүп жаткан катаал иммиграциялык саясат англиялык университеттерге болгон чет элдик студенттердин кызыгуусун жоготуп, мекемелерди финансылык жоготууларга кептеп жатат.

Байкоочу топтун маалыматы боюнча, кеминде үч университет чет элдик студенттердин келбей калуусунан банкроттук чекте турат. Дараметтүү студенттердин алып келген акчасынан аталган университеттердин бюджети кадимкидей көз каранды экени айтылды.

Салыштыра турган болсок, акыркы үч жылда Американын университеттерине келген чет элдик студенттердин саны 22,5%га, Канадада 27%га жана Австралияда 18%га өскөн. Ал эми Англиядагы өсүүнүн көрсөткүчү 1%га да жетпейт.

Депутаттар тобу бийликтен чет элдик билим алуучуларга карата миграция саясатын өзгөртүп, аларга өлкөгө келүүнүн жеңил жодорун сунуштап, ошондой эле окуусун аяктаган соң өлкөдө жумуш орду менен камсыз болгудай программа иштеп чыгуусун тапшырышты.

Copyright © 2017 Maral FM