Биз менен байланышыңыз

Кыргыз диаспорасы учак билетинин баасын төмөндөтүүнү суранды

Кыска кабар | 4 Ноя 2018 | 652 | 0

Москвадагы кыргыз диаспорасы “миграциялык амнистия” убагында Кыргызстанга келип жана кетүү билеттердин баасын төмөндөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Элчилик Орусиядагы диаспоралардын жетекчилери жана мекендештер менен жолугушуу уюштурду. Анда Кыргызстандын жарандарына 16-октябрдан 10-декабрга чейин белгиленген “миграциялык амнистия” боюнча талкууланды.

Ошондой эле, Кыргызстандын өкмөтүнөн “миграциялык амнистия” учурунда учак жана темир жол билеттеринин баасын төмөндөтүп берүүнү суранышты.

Copyright © 2017 Maral FM