Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү: Чүй облусу жеңүүчү болду

Кыска кабар | 3 Ноя 2018 | 866 | 0

Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунда Чүй облусунун командасы жеңүүчү болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Ага ылайык, финалдык беттеште Чүй менен Ысык-Көл облустарынын командалары беттешип, жалпы эсепте 4:1 эсеби менен сары-өзөндүктөр жеңишке жетишти. Ош шаарынын “Төлөйкөн” ат майданында өткөн мелдеште төмөнкүдөй сыйлыктар ыйгарылды:

  • 1-орун – Чүй облусу – 500 миң сом;
  • 2-орун – Ысык-Көл облусу – 250 миң сом;
  • 3-орун – Талас облусу – 100 миң сом;
  • 4-орун – Ош облусу – 80 миң сом.

Ал эми калган катышуучу командаларга 50 миң сомдон сыйлык тапшырылды. Ошондой эле “мыкты оюнчу”, “мыкты аргымак” номинацияларынын ээлерине 10 сомдон берилди.

Кошумчалай кетсек, Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM