Биз менен байланышыңыз

Директорлук кызматты Самара Каримова өзү суранган

Билим-маданият | 2 Ноя 2018 | 1433 | 0

Ырчы Самара Каримова Ниязаалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду. Министр мунун себебин мыйзамсыз дайындоо болгон деп түшүндүрдү. Ал эми Каримованы директор кылып дайындаган стат-катчы Бактыбек Секимов баары мыйзам чегинде болгонун айтууда. Ал директор болуу сунушун Самара Каримова өзү айтканын билдирди.

Опубликовано Samara Karimova Четверг, 1 ноября 2018 г.

1-ноябрда эле музыкалык окуу жайдын жалпы жамааты менен таанышып жаткан Самара Каримова кайрадан кызматынан алынды. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду. Министрдин айтымында, аны кызматка дайындоо мыйзамсыз болгон. Анткени документтерди текшерүү учурунда стат-катчы иш сапары учурунда кол койгонун аныкташкан.

Мага чейин дайындалган экен. Такташтырып карап көрсөк, мыйзам буузулар аныкталды. Экинчиден, ал мектепке директор катары тажрыйбалуу, билими бар киши келиш керек болчу. Чечим мыйзамсыз дайындоо болгон үчүн кабыл алынды.

Бирок Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов баары мыйзам чегинде кол коюлганын айтып жатат. Анын айткандарына таянсак, Самара Каримованы  директор кылып дайындоо буйругуна ал 23-октябрда кечке маал кол койгон. Ал эми буйрук эртеси күнү, 24-октябрда катталып калган. «Катачылык ушул жерде деп эсептеп жатат»,- дейт Секимов.

Мен 23-октябрда кол койгом. Ал эми 24-октябрда каттоодон өткөн. Баары мыйзам чегинде болгон. Менин оюмча, себеп башкада. Анткени кагаздардын баарына ошол күнү кечинде кол коюлган.

Эске салсак, ырчы Самара Каримованын кызматка дайындалып, кайра алынышы бул алгачкы жолу эмес. Буга чейин да музейге жетекчи катары дайындалып, кайра бир күндөн кийин өзүнүн арызы менен кеткен. Ага соцтармактарда айтылган сын-пикирлер себеп болгон. Андан мурун да  наамдар боюнча коомчулукта катуу сынга кабылган. Мындан улам эл артисти Курмангазы Азыкбаев өнөр адамын мынтип оюн кылбаш керектигин айтат. Кызматка дайындаса да даярдоо керек болчу деген оюн айтты.

-Бул жаш кыздын шагы сынып калды да. Ары туруп музейге алып барып, ары туруп окуу жайга алып барышты. Ал жаш кызды элге шылдың кылбай, аны даярдап, жети өлчөп бир кесишсе болмок да. Алгач аны ошол окуу жайга мугалим кылып, аны даярдап анан жетекчи кылса, балким башкача болмок.

Самара Каримованы музыкалык окуу жайдын директору кылып дайындаган стат-катчы Бактыбек Секимов бул кызмат ага өзүнүн суранычы менен берилгенин айтты. Ошол кезде министрдин милдетин аткаруучу болуп турган Секимовго жаш ырчынын идеялары жаккан.

Ушул окуу жайды көрүп зээним кейийт деп айткан. Канча убакыт керек десем, 2 жылда гүлдөтөм деген. Мага мүмкүнчүлүк бергиле деп, идеялары менен бөлүшкөн. Мен макул болдум.

Ырчы Самара Каримова өзүнүн инстаграм баракчасына да кызматтан алынышы боюнча пикирин жазды.

View this post on Instagram

Менде баары жакшы. Ар бир нерсе кудайдан 🙏. Жаратканкан мага дагы бир сыноо бериптир. Чын журогумдон кабыл алдым. Мен сынбаймын. 3балам турганда кайратым ташка чапса сынбайт. Эне журогу-тоодой бийик болот. Онор адамы катары, музыкалык окуу жайдын абалына журогум ооручу. Зээриккенимден же кыларга ишим жоктон барган жокмун! Тобокелге салып, меценат тартып, проект жазып 2жылда гулдотуп коймокмун. Ойчулдун оюу буткучо-тобокелчинин иши бутчу эле….. Мейли, насип деген нерсе бар! Менден башка жакшы адам келип ондоор…. умут кылам жана тилектешмин. Онор адамдары абдан назик. Сулуу, кооз, корком жерде жашаса, окуса онор оорчубойбу…. Окуу жайдын жамаатына, улуу ага-эжелер сиздерге абдан ыраазымын. Бир да жаман соз айтпай, кучак жайып тосуп алдыныздар 🙏 мен сиздерге ден-соолук каалаймын. Озумдун кадырымды дагы бир жолу сездим! Мен деген оной адам эмес экенмин! Менин кичинекей кызматка келишим ,коп адамдын уйкусун бузат экен….кээ бир чон кызматта иштеген агаларымдын кокойу кайнайт экен. Бирок айтаарым , кучактап отурган креслодон кетээринер менен эл унутат. Кудайым берген талантым менен, мен деген элдин журогундо болсом керек . Атагым ааламга, даражам дуйного таанылгыча эмгектенем , оомин. Мага жата калып бут тоскондор мен силерге капа эмесмин. Ыраазымын! Ылайым менин куттуу, тогулгон дастарконумдан чай ичкиле! Коооооп соз бар эле,…. бирок менин мунозум аял болсом да эркекче! Бир айтам бирок кайтпаймын! Озумдун оюм менен жашаймын! Жакшы соз жазып , жакшылык каалаган замандаштарым , баарыныздарга чон рахмат! 🙏

A post shared by Samara Karimova (@samarakarimovasinger) on

Эске салсак, Самара Каримова Кыргызстанда биринчи жолу инстаграм баракчасына 1 миллион киши катталган алгачкы киши болуп Ошто жана Бишкекте анын урматына той берген. Ырчынын бул жетишкендиги да учурунда ар кандай сынга кабылган.

Copyright © 2017 Maral FM