Биз менен байланышыңыз

Самара Каримова бүгүн музыкалык окуу жайдын эмгек жамаатына тааныштырылат

Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 2379 | 0

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы окуу жайына кайрадан жетекчи болгону жатат.

Маалыматтарга караганда ал бүгүн эмгек жамаатына тааныштырылат.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык окуу жайга 2018-жылдын октябрь айында директор болуп  дайындалып, эки күндөн кийин, ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен иштен алынган.

Каримова бул чечим үчүн министрликти сотко берип, утуп алганы белгилүү болду.

14-январда Самара Каримова кызматка киришүү үчүн музыкалык мектепке келген, бирок эмгек жамааты ага каршы болуп чыгышкан. Ал жерде Каримова:

«Менин колумда тиешелүү документтердин баары бар. Соттун адилеттүү чечими үчүн Садыр Нургожоевичке рахмат», — деп сөз баштап, эки жыл мурун мектептин директорлугунан алынып, укугу бузулганын айтты.

«Алты ай бою мен сотторго кайрылып, адвокаттар менен иштештим. Жыйынтыгында, сот министр Жаманкуловдун чечимин мыйзамсыз деп таап, менин пайдама чечим чыгарды. Биз кечээ Маданият министрлигинин жетекчилиги менен жолугуштук, ошондуктан мектептин жетекчилигинин баарынан кабары бар», — деди ырчы.

Ош музыкалык орто окуу жайы өлкөдөгү эң ири музыкалык мекемелердин бири. Ал жерде 93 адам иштейт, 200дөн ашык студент билим алат.

Самара Каримова: Өзбек сериалында кыргыз ишкер айымдын ролун аткарып жатам

Copyright © 2017 Maral FM