Эстрада ырчысы Самара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык мектептин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Бүгүн, 30-октябрда Каримова эмгек жамаатына тааныштырылган.
Белгилей кетсек, Самара Каримова «Сулайман-Тоо» музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун сын пикиринен соң кызматтан баш тарткан. Ал 27 жашта, КРнын эмгек сиңирген артисти наамынын ээси.