Биз менен байланышыңыз

Султанмуратов: «Сапатты» каралоо аракети байкалууда

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 2474 | 1

«Сапат» билим берүү мекемесинде мурун окуп кеткен бүтүрүүчүлөр жазган билдирүүлөр текшерилип жатат. Бул тууралуу «Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Амир Султанмуратов «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, мындай билдирүүлөр «Манас» университетинин алдындагы мектептеги окуядан кийин жарыяланып жатат. Ошондуктан кандайдыр бир саясий кызыкчылык болушу мүмкүн.

-Эки күндөн бери «Твиттерде» #metoosebat деген хэштеги менен мурунку «Себат», азыркы «Сапат» лицейинин бүтүрүүчүлөрү билдирүүлөрдү жазып жатышат. Алар бир убакытта окуп кеткен же окууну бүтүрө албай калган, же окуудан айдалып кеткен окуучулар да болушу мүмкүн. Алар окуп жүргөн убакыттагы көргөн-укканын жазып жатышат. Бул албетте бизди тынчсыздандырууда. Себеби “Манас” университетинин алдындагы мектептеги окуядан кийин жарыяланып жатат. Ошондуктан бул жерде кандайдыр бир саясий кызыкчылык бар окшойт, же уюшулган топ деле болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да биз азыр лицейлерде окуучулар, ата-энелер арасында анкета жүргүзүп, чынында бүгүнкү күндө лицейлер кандай абалда экенин иликтеп жатабыз. Твиттерге жазып чыккандар мындан 5-6 жыл, балким 10 жыл мурунку окуяларды жазышыптыр.

Султанмуратов кошумчалагандай, «Сапат» лицейлеринде буга чейин башка мектепте катталган окуядай терс көрүнүштөр жана үрөй учурган окуялар, же окуучуларга терс мамиле болгон эмес.

Айта кетсек, атайын хештег менен жазылган билдирүүлөрдө түрк лицейлеринде да айрым терс көрүнүштөр болуп турат деген маани берилген.

Эске салсак, 21-февралда Бишкектеги Манас университетинин алдындагы мектептин директору окуучуларга ыдык көрсөткөндүгү маалым болду. Бул окуяны учурда укук коргоо органдары иликтеп жатат.

Карамушкина: «Манас» университетиндеги түрк мектептин директору балдарга ыдык көрсөткөн

1 пикир

1 пикир

  1. Наргиза

    25.02.2019 14:43

    Сапат мекемелери 27жылдан бери озун жалан Гана жакшы жактан корсотуп келе жатат,Сапат лицейлеринин бутуруучулору озунун мыкты билими жана адеби мн озгочолонуп турушат, твиттердеги жазылгандардын эч бириси чындыкка жатпайт. Ал баракчаларды атайын Сапатты каралоо учун ачкандай сезилип турат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM