Биз менен байланышыңыз

Карамушкина: «Манас» университетиндеги түрк мектептин директору балдарга ыдык көрсөткөн

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 4273 | 6

Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагындагы мектептин мүдүрү окуучуларга адепсиз мамиле кылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жалпы жыйында айтты. Бул боюнча депутатка ата-энелер кабарлашкан. Анда алар Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганда, аталган ведомство мындай мектеп бар экендигинен кабарсыз экендигин айтышкан.

Бул мектептин директору Амер Айдын окуучуларды жана мугалимдерди коркуткан. Анын белгилешинче, директор окуучуларды өз бөлмөсүнө алып кирип, өзүнүн жана балдардын кийимин чечкен. Эс алуу үчүн тоого чыкканда да балдарга жаман ниетте тийишкендигин айтты.

-9 жаштагы окуучу мындай көрүнүштү айтканда, аны мектептен айдаган. Окуучунун апасы Ленин РИИБинин кызматкерлери менен мектепке келген. Бирок алардын мектепке кирүүсүнө тоскоол болушкан. Милициялар мектеп Кыргызстанда жайгашканын эскерткенде гана кирүүсүнө жол беришкен.

Депутаттын айтымында, ата-энелер бул маселени Улуттук коопсуздук комитетине кабарлашкан. Аталган орган учурда иш алып барууда. Бирок мектеп жетекчилиги окуучуну кайра окууга кабыл ала тургандыгын айтып, акча да сунушташкан.

Ата-энелер ведомстволор аралык комиссия түзүп, мектепке ким уруксат бергенин, ал кайсы программанын негизинде билим берип жатканын териштирүүнү өтүнгөнүн да айтты.

Кошумчалай кетсек, ал жерде 200дөй кыргызстандык окуучу билим алары, алардын көбүнчөсү  шарты начар үй-бүлөлөрдүн балдары экендиги да айтылды.

6 пикир

6 пикир

  1. Арууке

    21.02.2019 12:30

    Мына эми Манас университетинин эмгек жамаатынын асыл жузу ортого чыгыптыр, кылдаттык менен текшеруу керек тийиштуу органдар. Кандай шумдук мектептин мудуру да ушундай жоруктурга жол береби? Аттин!

  2. Pingback: Kırgızistan'da gündem TC MEB'e bağlı okulda yaşanan taciz skandalı - Ukrayna Haber

  3. Pingback: Киргизький парламент обговорює, як директор турецької школи домагався дев’ятирічної дитини - UA24 | НОВИНИ

  4. Pingback: Киргизский парламент обсуждает, как директор турецкой школы домогался девятилетнего ребёнка - rus.ukraynahaber.com

  5. Pingback: [ВИДЕО] Киргизский парламент обсуждает, как директор турецкой школы домогался девятилетнего ребёнка - rus.ukraynahaber.com

  6. Pingback: Султанмуратов: «Сапатты» каралоо аракети байкалууда – ТЕЗКАБАР

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM