Биз менен байланышыңыз

Оштун маданият кызматкерлери кайрымдуулук кербенин өткөрүүдө

Коом | 28 Фев 2019 | 1273 | 0

Ош шаарындагы маданият кызматкерлери кайрымдуулук акциясын башташты. “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду шоу-бизнес өкүлдөрү менен бирге муктаждарды кубантуунун жаңы ыкмасын ишке ашырууда. Акциянын шарты эстафетаны алган тарап өз шартына, мүмкүнчүлүгүнө карап, ар кандай кайрымдуулук иш-чарасын өткөрсө болот. “Чу” дегенде эле жакшылыктын эстафетасы алгач тамашоучу Эмил Токтошевден башталган. Ал 1 тонна көмүр сатып алып, муктаж үй-бүлөлөргө тараткан. Ал эстафетаны дагы бир тамашоучу, “No Name” командасынын оюнчусу Кадыр Жарматовго узатты.

Алып баруучу Кадыр Жарматов 4 мүшөк ун менен керектүү азык-түлүктү камдап, жардамга муктаж болгон 4 үй-бүлөнү кубантты.

Эстафета дагы бир таланттуу инсан менен уланды. Көп эле кинолордо роль аткарып, Тамашоудо да белгилүү оюнчулардын бири Мурат Жалиев башкалардан обочолонуп, мал союп, жакырларга таратты. Эттин даамын тата элегине көп болгон апалар ага батасын берип, ыраазычылыгын айтышты.

View this post on Instagram

Достор, кутмандуу кечиңиздер менен! Кайрымдуулук эстафетасын элдин уулдары @emil.toktoshev баштап, @kadyr_jarmatov го өткөрүп күндөрүн кайрымдуулук менен өткөрүштү. Кадыр мырза да кайрымдуулук эстафетасын элдин уулу @murat_jaliev_official көп кырдуу талант ээсине өткөрдү. Мурат мырза да күнүн кайрымдуулук менен өткөрдү.👏👏👏 Кайрымдуулук эстафетанын негизги максаты муктаждарга жардам берүү, кайрымдуулук маданиятын өнүктүрүү, жакшылыкта жарышуу🙂 Эл уулдарына фондубуз атынан терең ыраазычылык жана алкыш👏👏👏👏 Кайрымдуу болуңуздар🙏🙏🙏 Кезектеги кайрымдуулук эстафетасын күтөбүз😊

A post shared by ЭЛИМ,БАРСЫНБЫ?! ККФ 🇰🇬 (@elimbarsynby_osh) on

Тамашоучу таланттуу жеңеси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримовага узаткан. Ырчы айым калктын аярлуу катмарынан 100гө жакын баланы 2 күн ойнотту. Анда ата-энесинен ажыраган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болду. Мээримге, оюн-зоокко зар болуп жүргөн балдар кайрымдуу каармандын мындай жакшылыгына жетине албай кубанышты.

View this post on Instagram

Достор, кутмандуу кечиңиздер менен! Кайрымдуулук эстафетасын элдин уулдары @emil.toktoshev, @kadyr_jarmatov @murat_jaliev_official агаларыбыз баштап күндөрүн кайрымдуулук менен өткөрүп, Мурат мырза да кайрымдуулук эстафетасын КР эмгек сиңирген артисти мыкты айым @samarakarimovasinger ге өткөргөн болчу. Самара айым кайрымдуулук эстафетаны кабыл алып, фондубузда каттоодо турган аз камсыз болгон, аярлуу катмардагы балдарга кубаныч тартуулап, күнүн кайрымдуулук менен өткөрдү👏👏👏 Самара айым кайрымдуулук эстафетасын өлкөбүздөгү белгилүү алып баруучулардын катарын толуктаган @aman.ibraev мырзага өткөрүп берди🙂 Эл уулдарына фондубуз атынан терең ыраазычылык жана алкыш айтабыз👏👏👏👏 Кайрымдуу болуңуздар🙏🙏🙏 Кезектеги кайрымдуулук эстафетасын күтөбүз😊

A post shared by ЭЛИМ,БАРСЫНБЫ?! ККФ 🇰🇬 (@elimbarsynby_osh) on

Кайрымдуулук кербени эми белгилүү алып баруучу Аман Ибраевге узатылды. Ал кандай кайрымдуулук менен кимдердин көңүлүн жылытып, кубантары 4-мартта билинет.

Мындай акциядагы башкы максат – элдин арасында кайрымдуулук маданиятын арттыруу.

Copyright © 2017 Maral FM