Биз менен байланышыңыз

Индия Ирандан мунай алуу үчүн АКШнын уруксатын күтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 754 | 0

Индия бийлиги Ирандан импорттолууучу мунайды алууну 4-ноябрдан тарта  улантуу ниетин билдирип, бирок бул үчүн АКШнын уруксатын күтүп жатышканын билдирди.Өлкө борбору Дели узак жылдардан бери Тегеран менен активдүү кызматташып келет. Индиянын экономикасы ыңгайлуу баада импорттолуучу ирандык мунайдан көз каранды. Эгер АКШ макулдугун бербей, мунай импорту токтоп калчу болсо Индияда жылуулук энергиясына болгон баа кескин көтөрүлүп, бул экономикалык туруксуздукка алып келет.

Ал арада АКШ жана башка кызыкдар тараптар менен бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзулдү. Бирок азырынча Вашингтон буга үн ката элек.

Эске сала кетсек, Американын лидери Дональд Трамп үстүбүздөгү жылдын майында Иран менен болгон өзөктүк келишимден чыкканын жарыялаган. Ага чейин токтотулган Иранга каршы санкцияларды да кайра ишке киргизерин билдирип, экинчи тарап да бул санкциялардан үлушүн аларын эскерткен. Тактап айтканда, Иран менен саясий-экономикалык жана соода мамилелерин жүргүзгөн өлкөлөр АКШнын чектөөлөрүнө кабылат.

Индия аталган чектөөлөргө дуушар болбоо максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM