Биз менен байланышыңыз

Тербишалиев: Эл эч качан бийликке ыраазы болбойт

Пикирлер | 31 Окт 2018 | 678 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышында кызуу талкуу жүрчү. Депутаттар пикирин ачык айтып, маселелерди талашып жатып, температура көтөрүлгөн учурлар көп болгон. Азыр андай көрүнүш жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Данияр Тербишалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы өкмөт эффективдүү болбой жатат. Коомчулук, эл өкүлдөрү реформаларды талап кылышы керек.

«Өкмөт да кыймылдашы зарыл. Парламентке татыктуу адамдарды шайлаш керек эле. Жаштар кызматка келип, өкмөттүн потенциялын көрсөтүүгө даяр. Таза адамдарды кызматка алып келсе, жаңылануу болот, жакшы иштейт. Алсак, мени менеджер катары кызматка чакырса, кайсы тармак болсо да тартып кете алам», — дейт Тербишалиев.

Ал сөзүндө адамдар эч качан бийликке ыраазы болбой турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM