Биз менен байланышыңыз

Индонезияда кулаган учак табыла элек

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 824 | 0

Индонезияда 29-октябр күнү деңизге кулап түшкөн учактын негизги бөлүгү табыла элек. Издөө иштерине суу астында байкоо жүргүзүүчү дрон жана сонар (суу астындагы добуштарды угуучу курал) колдонула баштады.

30-35 метр тереңдикте жүргүзүлүп жаткан издөө мейкиндиги өзгөртүлүп кеңейтилди. Себеби суу астындагы суунун активдүү кыймылы учакты башка тарапка сүрүп кеткен болуусу мүмкүн.

Ал арада суу устүнө калкып чыккан учактын сыныктары жана жүргүнчүлөрдүн буюмдары тактоого алынды. Арасында наристеге тиешелүү бут кийим да бар.

Эске сала кетсек, 29-октябрда Жакарта шаарынан көтөрүлгөн Lion Air компаниясынын учагы 13 мүнөттөн кийин радарлардан жоголуп кеткен. Эң акыркы пилоттун артка аэропортко кайтууга уруксат сураганы угулган бойдон дайын чыккан эмес. Ичиндеги 189 кишинин бирөө да тирүү калбаганы божомолдонууда. Деңиздеги жарандык кемедегилер учактын сыныгына окшогон буюмдардын суу үстүнө чыгып калганын кабарлашкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM