Биз менен байланышыңыз

“Лестер Сити” клубу ээсинин набыт болгонун тастыктады

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 677 | 0

Англиялык “Лестер Сити” клубунун ээси таиланддык милиардер Вишай Шривадданапрабха тик учактагы кырсыктан улам каза болгонун клубдун жетекчилиги тастыктады.

Тик учак “Лестер Ситинин” “Вестхем Юнайтед” клубу менен болгон беттешинен кийин стадиондон жаңы эле көтөрүлгөндө унаа токтоочу жайга кулап түшуп, жарылып кеткен. Ичиндеги беш киши: жубайы жана кызы жеринде каза болушкан. Өрт өчүрүүчүлөр учакты 20 мүнөттө өчүрүшкөн.

Вишай Шривадданапрабха Таиланддагы эң бай ишкерлердин бири болгон. “Forbes” журналынын маалыматына караганда анын мүлкү 4,9 милиард долларга бааланып, өлкөдө 5-орунда турчу.

Ал англиялык клубду 2010-жылы 39 миллион фунтка сатып алып, клуб 6 жыл ичинде экинчи лигадан Премьер лигага өтүп, 2016-жылы чемпион болгон. Бул клубдун 132 жылдык тарыхындагы эң чоң ийгилиги болгон.

Copyright © 2017 Maral FM