Биз менен байланышыңыз

Орусияда “Хизбут-Тахрирге” үндөгөн кыргызстандыктар соттолушту

Кыска кабар | 28 Окт 2018 | 610 | 0

Кыргызстандыктардын Севастополь аймагында “Хизбут-Тахрирге” уюмуна үндөп жүргөнү аныкталып, алардын соту болду. Бул тууралуу Түштүк Кавказ аймактык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Алар 42 жаштагы А.А. жана 50 жаштагы Н. И. аттуу жарандар болушкан. 2016-жылы Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан алардын үч адамды бул уюмга үндөп, терроризм менен алектенүүсүнө түрткөндүгү аныкталган.

Экөөнө Орусия мамлекетинин Кылмыш кодексинин “террордук уюмга тарткандыгы үчүн” жана  “Орусияда террордук деп таанылып, иш алып баруусуна тыюу салынган уюмга катыштыгы болгон үчүн” деген беренелер менен айып тагылган.

Соттун өкүмү чыгып, 42 жаштагы жаран 15 жылга, ал эми 50 жаштагысы 13 жылга эркинен ажыратылып, катуу тартиптеги абакка отурушат.

Белгилей кетсек, “Хизбут-Тахрир” уюму Орусияда 2003-жылдан бери террордук деп белгиленип, тыюу салынып келет.

Copyright © 2017 Maral FM