Биз менен байланышыңыз

Мэрия мамлекеттик жерди ижарага алгандардан карызын өндүрөт

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 724 | 0

Бишкек мэриясы мамлекеттик жерди ижарага алгандардан карызын өндүрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, ижара акысын төлөбөгөндөргө мыйзам чегинде чара көрүлөрү айтылат. Аны төлөбөй кечиктиргендердин тизмесинде 25 физикалык жана юридикалык жактар бар.

Алардын арасында эң ири суммада “Умид 2000” жоопкерчилиги чектелген коому 24 млн 396 миң 330 сом, ал эми “Пегас Ала-Тоо” курулуш компаниясы 19 млн 545 миң 65 сомго карыз болгон.

Бул боюнча шаар мэри Азиз Суракматов карыздын суммасын 50 пайызга кыскартууну тапшырды. Белгилей кетсек, мурда мэрия ижарага алгандардын 1 млрд карызы бар экендигин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM