Биз менен байланышыңыз

Эки министрликке жаңы жетекчи дайындалды

Саясат | 25 Окт 2018 | 1398 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп  Улукбек Кочкоров менен Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындалды. 

Парламентте өкмөт башчы тарабынан эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызмат ордуна дайындоого сунушталган Улукбек Кочкоровдун жана маданият, маалымат жана туризм министри кызмат ордуна дайындоого сунушталган Азамат Жаманкуловдун талапкерлиги каралды. Аларды депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды.

-Көрсөтүлүп жаткан талапкерлер жаш, кесипкөй жана тажрыйбалуу кызматкерлер, алар министрликке толук татыктуу.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар мамлекеттик органдарга, айрыкча эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде системалуу коррупциялык жосундар орун алганын, көптөгөн көйгөйлүү маселелер ушул кезге чейин чечилбей келатканын белгилешти. Жаңы жетекчиге көйгөйлөрдү тездетип чечүү жаатында иштиктүү чараларды көрүүгө, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана өз багытында пайдаланууга чакырышты.

Эл өкүлү Аида Касымалиева бул министрлик «тузу оор» мекеме экенин белгилөө менен бирге, Кочкоровго орун басарларына татыктуу кадрларды алууга чакырды.

Министрликте буга чейин ызы-чуу болду. Талапкер катары көрсөтүлгөн Улукбек Кочкоровду угуп, сүйүнүп жатабыз. Аталган министрдин орун басарларын сырттан эмес, ичинен тандасаңыз. Кесипкөйлөр иштеши керек. Буга чейинки министрдин орун басарлары аялдар болгону менен, гендерлик маселени чече алышкан жок. Бул министрликтин тузу оор. Таза иштеген адам ал министрликтен жогорулайт. Элдин, бей-бечаралардын батасы тиет. Жаман иштесе, аягы жаман аяктайт.

Андан тышкары, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетин көбөйтүү зарылдыгы белгиленди. Депутат Максат Сабировдун айтымында, министрликтин каражаты республикалык бюджеттин 1 пайызынан ашпайт. Ошондон улам өлкөнүн маданият тармагын алга жылдыруу кыйын.

-Мыйзамга ылайык, министрликтин бюджети республикалык бюджеттин 3 пайызынан кем болбошу керек эле, тилекке каршы, ал азыр 1 пайыздан ашпайт. Мына аталган министрликке 31 жаштагы баланы алып бара жатасыңар. Бул министрликке бюджеттен толук каражат бөлүп бербей жатсак, кантип иштейт.

Талапкерлер өздөрү дайындалып жаткан тармактарды дыкат иликтеп чыгып, анда орун алган мүчүлүштүктөрдү жоюуга, өзгөчө кадрларды тандоо жолун жакшыртууга убада беришти. Ошону менен бирге  жалпы коомчулуктан, анын ичинде депутаттардан келип түшкөн сунуштамаларды ар дайым эске алынарын кошумчалашты.

Улукбек Кочкоров: Колдоп бергениңиздерге чоң рахмат, ишенимди актоого аракет кылам.

Азамат Жаманкулов: Колдоп бергениңиздерге ыраазычылык билдиремин. Ишенимди аткарууга болгон аракетимди жумшаймын.

Соңунда депутаттар Улукбек Кочкоров менен Азаматдун талапкерлигин жактырышты. Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков жарлык чыгарып, Улукбек Кочкоровду Эмгек жана социалдык өнүгүү министри, Азамат Жаманкуловду Маданият, маалымат жана туризм министри кылып дайындады.

Эске салсак, Улукбек Кочкоров Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты, ал эми Азамат Жаманкулов буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген.

Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов быйыл 8-октябрда онкологиялык дарттан улам​ 59 жашында көз жумду. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жана анын орун басарлары 11-октябрда кызматтан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM