Биз менен байланышыңыз

Европарламент Орусияга каршы санкцияларын күчөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 605 | 0

Европарламент Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү боюнча жарлыктын долбоорун даярдады. Ага ылайык, эгер талаштуу Азов деңизинде абал курчуп кетсе, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр арасында Орусиянын бир катар юридикалык жана жеке тараптарга санкциялары катаал мүнөзгө өтөт. Бул демилгенин келип чыгуусуна украиналык деңиз күчтөрүнүн орус аскердик кемелерин Крымдын аймагында эки жолу кармап алгандан кийинки даттануусу себеп болгон.

“Европарламент Азов деңизинде курулган  Керчен көпүрөсүнүн курулушун мыйзамсыз деп эсептейт жана Евробиримдиктин коопсуздук кеңешинин ал көпүрөнү курууга катышкан алты компанияга каршы кабыл алган чечимин туура деп эсептейт. Эгер бул жагдай дагы курчуй турган болсо, биримдикти Орусияга каршы катуу чараларды көрүүгө чакырабыз”, — деп айтылат документте.

Кошумчалай кетсек, Азов деңизинде курулган Керчен көпүрөсү Европадагы эң узун көпүрө болуп саналат. Ал 2014-жылы Крым Украинадан бөлүнүп, Орусияга кошулган согуштук кызуу учурда курулган. Көпүрө Крым менен Орусиянын бир катар аймактарын автожол аркылуу байланыштырып турат.

Бирок көпүрөнүн курулушу Украина менен Орусиянын ортосун андан бетер алыстаткан. Буга Евробиримдик да каршы чыгып, орус тарапка ири санкцияларды киргизген. Арасында аталган көпүрөнүн курулушуна катышкан алты орусиялык дараметтүү ишкана да бар. Алардын биримдиктеги өлкөлөрдөгү эсептери конфискацияланган.

Ал эми Орусия бийлиги бул айыптарды четке кагат. Крым  демократиялык жол менен Орусияга биригүүгө бир добуштан макул болгонун айтып, бул маселени жабык деп жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM