Биз менен байланышыңыз

Бакир уулу: Элчилик кызмат сунушталса, кызмат кылмакмын

Пикирлер | 24 Окт 2018 | 655 | 0

Мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна элчилик кызмат сунушталса, дипломатиялык чөйрөдө кызмат кылууга даяр. Мындай пикирин ал өзү “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, элчилер-өлкөнүн жүзү.

«Малазияда элчи болуп турганда экс-президент Роза Отунбаеванын келбе дегенине карабай келип алгам. Кийин Алмазбек Атамбаев дагы элчи бол дегенде баш тарткам. Дипломатиянын өзүнүн эрежеси бар», — дейт Бакир уулу.

Ал буга кошумча, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан Малазияга элчи болуп бара жатканда кеп-кеңешин айтканын билдирди.

«Кылычбек Малазияга кетип жатканда өзүм бата бергем. Ага кандай мамиле түзүш керектигин  айтып түшүндүргөм. Ал элчи болууну өзү каалаган», — дейт Бакир уулу.

Copyright © 2017 Maral FM