Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Атамбаев тагдырга баш ийиши керек

Пикирлер | 22 Окт 2018 | 704 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен өлкө башчыны Сооронбай Жээнбековдун тиреши эмнеден улам болуп жатканы белгисиз. Мындай пикирин саясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши коомго ЖМКлар аркылуу чагылдырылып жатат. Бирок алар ыгына жараша ар нерсени айта берет.

«Колумдан келсе экөөсүн отургузуп сурайт элем. Жээнбеков Атамбаевдин кадрларына тийген жок, реформа жасаган жок. Атамбаев «сени президент кылдым, бизнести өзүм башкарам» деген ойдо болгон. Бүгүн андай болбоду. Демек, Атамбаев тагдырга баш ийиши зарыл. Жээнбеков качкандарга тийгендей болбошу керек. Тарыхта калам деген киши өз командасын түзүшү керек», — дейт Бекназаров.

Ал учурда президент менен жолугууга аракет жасап жатканын айтып өттү.

-«Курултайга келип, элдин үнүн угуп койгула» деп алдынан өтүп коёюн деп жатам. Ал эми Атамбаев бийликте турганда мага 6 жолу кылмыш ишин козготууга аракет кылды. Бирок мен ага таарынбайм. Ошондо эле өзүнө жараша жооп кайтарып жүргөм», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM