Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Камактагы саясатчылар акталса, карапайым эл көтөрүлөт

Пикирлер | 22 Окт 2018 | 638 | 0

Президент саясий куугунтук деп 10 саясатчыны актап койсо, карапайым эл көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Бул — кылдын учундагы меселе. Мындай оюн саясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы ачылган жагдай тапмайынча, камактагылардын өкүмүн эч ким буза албайт.

«Башкы прокурор камактагылардын арызын алып, жаңы ачылган жагдайды тапса, сотко кайра кайрылышы керек. Президент Сооронбай Жээнбеков болгону кечирим бере алат. Ал үчүн камактагылар күнөөсүн мойнуна алып кайрылышы зарыл. Бирок алар ага барбайт»,-дейт

Copyright © 2017 Maral FM