Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусия менен ракеталык келишимди бузат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 732 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен ракеталык келишимди бузарын ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтты. Себеби Орусия аталган келишимдин шарттарын сактабай жатат.

1987-жылы Горбачёв менен Рейган кол койгон келишим эки тараптын кыска жана орточо алыстыктагы ракеталык куралдарды өндүрбөө жөнүндө болчу.

“Орусия көп жылдардан бери келишимди бузуп, ракеталык өндүрүшү тымызын иштеп жатса, Кытай дагы аны жасап жатса, Американын келишимди карап эч нерсе кылбай олтурганы туура эмес”,— деп билдирди Трамп.

Эгер Орусия менен Кытай курал өндүрүүсүн токтотпосо, анда АКШ да келишим тыюу салган согуштук куралдарды жасоону баштаарын эскертти.

Бирок Кремль муну Трамптын чагымчылыгы катары баалап, эгер Вашингтон келишимди бузуп, оор куралдарды өндүрүүнү баштачу болсо, анда орус тарап катуу жооп берерин билдиришүүдө.

Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков: “Эгер Америка эл аралык келишимдерден бир тараптуу чыгып кетүүсүн уланта берсе, Кремль аскердик мүнөздөгү чараларды колдонууга аргасыз болот”, — деп эскертти.

Убагында согуштук ракеталык курал-жарактарды өндүрбөө келишимине кол койгон Горбачёв Трамптын бул кадамын терең ойлонулбаган иш катары сыпаттады.

 

Copyright © 2017 Maral FM